Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Илимдер академиясында жетекчилик алмашты


Кыргыз улуттук илимдер академиясында бүгүн жетекчилик алмашты. Буга чейинки президенти Шарипа Жоробекова кызматынан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө арыз жазды. Академиянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аны иштен кетүүгө эч ким мажбурлабаганын, соңку кезде ден соолугу начар болуп жатканын, жаштарга, креативдүү окумуштууларга жол берүүнү чечкенин айтты.

Ушул эле күнү өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Жоробекованын арызын канааттандырып, академиянын президентинин милдетин аткаруучу кылып Абдыганы Эркебаевди дайындады. Эркебаев өлкөнүн башкы илимий мекемесин эмки жылдын февралында өтүүчү жетекчи шайлоого чейин башкарат. (RK)

XS
SM
MD
LG