Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Иран Германияга мунай экспорттоону токтотту


Бир күн мурда 10-апрелде Испанияга да кара май сатуу токтотулган эле. Ирандын англис тилдүү Press TV телеканынын кабарлашынча, бул чара Европа Биримдигинин 1-июлдан тарта Ирандан мунай алууну токтотуу жөнүндөгү чечимине жооп катары кабыл алынган. Иран мурда Британия, Грекия жана Францияга кара май сатууну токтоткон жана ушу тапта Иранга да мунай сатууну токтотуу караштырылып жатканы ырасмий маалымдалды. Иран ошондой эле европалык 100 компаниядан продукция сатып алганды токтотмокчу. Евробиримдик Ирандын ядролук программасы атомдук бомба жасоого багытталган деп кооптонуп, Тегеранга каршы санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG