Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

Памир кыргыздарынын саны кескин азайууда


Бул тууралуу Ооганстандагы Памир кыргыздарынын өкүлү Турду Акун Атабек президент Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, Памирдеги катаал аба ырайы, жашоо шарттын начардыгы жана медициналык жардамдын жоктугу ымыркайлардын өлүмүнүн көбөйүшүнө себеп болууда. Мындан улам Турду Акун Атабек ооган кыргыздарына тамак-аш, кийим-кечеден жардам берүүнү өтүнүп, кыргыздардын бир бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келүүгө даяр экенин кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев атайын түзүлгөн мекемелер аралык комиссия жайында памирдик кыргыздардын абалы менен таанышып келээрин белгиледи. Жолугушууда Тышкы иштер министрлиги ооган кыргыздарына эл аралык деңгээлде гуманитардык жардам көрсөтүү жагын караштырып жатканы белгилүү болду.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Ооганстандын Памир аймагын байырлаган кыргыздарды көчүрүп келүү демилгесин көтөргөн. Бул аймакта жалпы 2000ге чукул кыргыз жашайт. (KKs)

XS
SM
MD
LG