Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Бабанов: Өкмөт оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр


Өкмөт оппозиция менен ачык сүйлөшүүгө даяр экенин премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээ Бишкек четиндеги Ак-Ордо конушунда эл менен жолугушууда дагы бир жолу билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, премьер оппозиция лидерлерине өкмөттүн кылган иштери тууралуу айтып берээрин, жолугушуу сыналгы аркылуу кыргызстандыктарга көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Өз кезегинде оппозициялык “Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири, депутат Ахматбек Келдибеков оппозиция да өкмөт менен сүйлөшүүгө даярдыгын интернет сайттарга билдирди. Бирок оппозиция азыркы өкмөт көзгө көрүнөрлүк эч нерсе жасаган жок деп эсептээрин кошумчалады.

10-апрелде оппозиция Жалал-Абадда митинг өткөрүп, талаптарынын аткарылышы үчүн 21-апрелге чейин убакыт чектеген. Оппозиция азыркы өкмөттү кетирип, жаңы өкмөт түзүүнү, конституциялык реформаны улантууну, апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоону талап кылып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG