Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Орусиядагы кыргыздар үчүн адабий жолугушуу уюштурулду


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кыргыз улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев менен жолугушуу өттү. Ага элчиликтин кызматкерлери, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчɵлɵрү, Орусиядагы кыргыз коомдук уюмдарынын ɵкүлдɵрү жана белгилүү акын, котормочу, «Менин Алыкулум» «Ала кийиз» китептердин автору Михаил Синельников катышты.

Абыкеев Кыргызстандын адабий чөйрөсүндөгү жаңылыктар, жаңы чыккан китептер тууралуу кенен кеп кылып, Орусиядагы кыргыздарды кыргыз тилин, адабиятын жана маданиятын унутпай, кыргыз китептерин окуп, мекени менен руханий байланышты үзбөөгө чакырды. Орусиядагы кыргыз мигранттары Москвада Кыргызстандын маданий борборун ачыш керегин айтышты. Бул тууралуу Орусиядагы элчиликтен кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG