Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Ташиев Бабановдун парламентке качан келээрин так айтууну суранды


Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов парламентке отчет берет. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков пленардык жыйында айтты. Спикердин айтымында, Бабанов парламентке 26-апрелде келет.

"Ата-Журт" фракциясынын башчысы, оппозиция лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев Бабановдун келиши боюнча так маалымат берүүнү спикерден өтүнүп:

"26-апрелде өкмөт башчынын келиши далилби? Себеби биз, оппозициялык күчтөр премьердин бул жакка келишин так билишибиз керек. Митинг жасашыбыз мүмкүн, башкаларды жасашыбыз мүмкүн...", - деди.

Төрага Жээнбеков парламенттин регламенти боюнча премьер-министр 1-майга чейин отчет бериши каралганын, Ташиевге бул боюнча так маалымат кошумча айтылаарын билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG