Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өрт кырсыгы чыгып, беш жашар баланын өмүрүн жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Арт айылында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин №2024 Ош чек ара аскердик бөлүгүнүн Кызыл-Жар заставасынын Эшек-Арт постунда офицерлер жашаган 192 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден чек ара постунун башчысы, прапорщик Салиев Максаттын уулу 2007-жылы туулган Раимбердиев Баястандын күйгөн сөөгү табылган. Кырсыктын себеби такталууда. (RK)