Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Таласта курултай үзгүлтүккө учурады


Бүгүн Таласта "Кыргызстан жаңы күчтөрү" деген уюмдун курултайы үзгүлтүккө учурады. Курултай шаардык стадиондо өтмөк. Бирок сүрмө топ кол салып, уюмдун символикасы тартылган баш кийимдерди жана желектерди өрттөп салышты. "Кереге" деген гезит да өрттөлгөнү айтылууда. Бирок ал гезиттерди элге таратуу үчүн курултайдын уюштуруучулары алып келгенби, же башкаларбы, азырынча белгисиз.

"Кыргызстан жаңы күчтөрү" уюму өзүн элдик кыймыл деп атаарын анын тең-төрагасы Кубат Токсобаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү курултайдын оппозициялык күчтөргө эч тиешеси жок.

"Түнү бою атайын кызматтар, кээ бир партиялардын өкүлдөрү элди кыдырып, эртең бул жакта Ташиев, Мадумаров жыйын өткөргөнү жатыптыр деп үгүттөшүптүр. Чагымчылар оппозициянын гезиттерин таратып элдин пикирин бурмалашты. Биз бул жерге эл менен кеңешип, бийликке сунуш, пикирлерибизди айтуу үчүн чогулмакпыз. Оппозиция менен эч кандай байланышыбыз жок. Биз аларга чейин эле, бир жыл мурда түзүлгөнбүз", - деди Токсобаев.

Тирешке катышкандардын жалпы саны эки миңдей киши болгону айтылууда. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG