Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

“Замандаштын” айрым мүчөлөрү саясий кеңеш чечимине нааразы


“Замандаш” партиясынан Ош шаардык кеңешинде бир мандат алган депутаттын коалициянын курамына киришине нааразы болуп, партиянын айрым мүчөлөрү билдирүү таратты. Алардын бири Абдумалик Калбековдун айтымында, көпчүлүктү түзгөн коалицияга кирүү менен партия өз позициясын жоготот.

Шаардык кеңештеги коалиция СДПК, “Республика”, “Адилеттүү Кыргызстан” жана “Ата Мекен” партияларынан куралаары айтылууда.

"Эгер “Замандаш” партиясынан шайланган депутат да коалицияга кирсе, өкмөттүк партиялардын айтканын аткарып калат, муну менен партия шайлоочулардын алдындагы аброюн жоготот",- деди Калбеков.

Партиядан шайланган депутат Алишер Жолдошев буга карата пикирин билдире элек. 4-мартта өткөн шайлоодо "Замандаш" бир мандатка ээ болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG