Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

Нарын: Өкмөттүн арзан кара майы керектөөнүн 11% гана жабат


Нарында жазгы айдап-себүү башталды. Облус боюнча алгачкы жазгы талаа иштерин Жумгал районундагы Байзак жана Чаек айыл өкмөттөрү баштады. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти. Быйыл 40 миң 300 гектар аянт айдалат, былтыркы жылга салыштырмалуу бул 1 миң 200 гектарга көп. Өкмөт берген 200 тонна жемдик арпа дыйкандарга 12 сомдон тийди.

Ал эми өкмөт арзан баада берип жаткан 265 тонна кара май дыйкандарга керектүү өлчөмдүн 11 гана пайызын жабат. Облуста кара май баасы 39 сом, өкмөттүн кара майы дыйкандарга 35 сомдон сатылууда. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG