Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

13-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
13-16-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

13-16-апрелде Ысык-Көл облусунда 0...-2 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрүнө жана ачылган гүлдөрүнө коркунучу бар.

Аба ырайы
13-апрелде Чүй, Талас облустарында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Калган аймактарда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Баткенде түнкүсүн 5...10, күндүз 15..20 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5 градус, айрым жерлерде 0...-2 үшүк жүрөт, күндүз 10...15
Нарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 11..16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -7..-12, күндүз 0...5,
Тоолордо түнкүсүн -9...-14, ал эми күндүз -4..+1 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6...8 градус жылуу, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG