Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Укук коргоочулар: Депутаттардын айтканы кооптондурат


Экономикалык кылмышка каршы күрөш кызматына талапкерлерди тандоо процессине кийлигишип Жогорку Кеңеш депутаттары "адам укугу" деген түшүнүктү чайкоочулукка айландырып жатышат. Мындай билдирүүсүн бүгүн Кыргызстандын Укук коргоочулар кеңеши таратты. Депутаттардын бул аракети кооптонууну жаратып жатканын айтышты.

Укук коргоочулар аталган мекемеге кызматкер тандоо ишине басым жасоо, ортого киши салуу аракети жарабай калган депутаттар эми ачык өткөн тестке нааразы болуп, "адам укугу" деген түшүнүктү өз пайдасына бурмалап жатканын билдирди. Депутаттарды тил маселесиндеги чайкоочулукту да токтотуп, аткаруу бийлигинин ишине кийлигишпөөгө үндөдү.

Каржы полициясынын ордуна Эномикалык кылмыштарга каршы кызмат түзүлүп жатышы парламенттин сынына кабылды. Кээ бир депутаттар аны Конституцияга каршы орган десе, айрымдар ага кызматкерлерди алуудагы сынакта паракорчулук орун алып жатканын айтышууда. Ошол эле мезгилде өкмөт да, жарандык коомдун өкүлдөрү да бул кызматты түзүүдө эч кандай мыйзам бузуу жоктугун белгилеп, депутаттар сынактын жыйынтыгына таасир этүүгө аракеттенип жатат дешүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG