Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Сирияда элдешүү келишими сакталып жаткандыгы кабарланууда


Бириккен улуттар уюмунун арачылыгы менен жетишилген ок атышууну токтотуу келишими бүгүн күчүнө кирди. Айрым жарылуулар катталганы менен, таң заарынан бери өлкөдө жалпысынан тынч болуп жатат. Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун жетекчиси Рами Абдел Рахмандын билдиришинче, көп аймактарда кырдаал тынч, бир гана Забадани дубанында жана баш калаа Дамаскта бирин-экин жардыруунун добушу угулду. Бирок Рахмандын айтымында, коогалуу аймактарда өкмөттүк аскерлердин чыгарылганы байкалган жок. Аскер чыгаруу Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын арачысы Кофи Аннандын арачылыгы менен түзүлгөн алты пункттан турган тынчтык планында каралган.

XS
SM
MD
LG