Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Украинада мурдагы министр беш жылга кесилди


Юлия Тимошенконун өкмөтүндө коргонуу тармагын жетектеген Валерий Иващенкону Киев соту бүгүн кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланган деп тапты. Соттун өкүмүнө ылайык, Ивашенко жер үлүштөрүн жеке менчикке сатууда мамлекеттик казынаны 10 миллион доллар чыгымга учураткан. Иващенко соттун чечимин «мыйзамсыз жана акыйкат эмес» деп мүнөздөдү. Аны менен кошо дагы бир айыпталуучу үч жылга кесилди. Экс-премьер Юлия Тимошенко Орусия менен жетишилген газ келишимине байланыштуу 7 жылдык түрмө мөөнөтүн өтөт жатат. Иващенко коррупциялык айып менен соттолгон Тимошенконун кабинетиндеги үчүнчү министр болуп калды.

XS
SM
MD
LG