Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы 370 миңдей жаранга азык-түлүк жагынан жардам берет. Бул тууралуу программанын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, эл аралык уюм Кыргызстанда катаал кыштан кийин калктын жакыр катмары тамак-ашка муктаж экенин белгилеп, бышыкчылыкка чейин жарандарга азык-түлүктөн жардамдашуу чечимин кабыл алган. Бул чечим кийинки жумадан тарта ишке ашырыла баштамакчы.
ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк биргелешкен баяндамасына ылайык, Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аш жетишсиздигинен болот. (KKs)
ЮНИСЕФ жана Дүйнөлүк банк биргелешкен баяндамасына ылайык, Кыргызстанда беш жашка чейинки балдар арасындагы өлүмдүн 22 пайызы тамак-аш жетишсиздигинен болот. (KKs)