Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:51

Июн коогасы боюнча 23 адам өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырады


Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева парламенттин кечээки жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2010-жылдагы июн окуясына байланыштуу Жалал-Абад облусу боюнча 85 кылмыш иши, Ош облусу боюнча 181 кылмыш иши козголгон. Азыр дагы 61 кылмыш иш боюнча сот уланууда. Кылмыш иши козголгон бир катар жарандар чет өлкөлөрдө качып жүрөт. Ошондой эле тергөө иштери чала болуп калганы да соттук териштирүүгө өз кедергисин тийгизүүдө. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, парламенттин кечээки жыйынында 2011-жылы башка жылдарга салыштырмалуу кылмыш иштери 23,9 пайызга өскөнү маалым болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG