Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Түндүк Корея учурган ракета 1 мүнөттө эле урап түштү


Жапониянын жана Түштүк Кореянын коргонуу ведомстволору билдиргендей, Пхеньян учурган орбиталык ракета абага бир аз гана көтөрүлгөндөн кийин талкаланып, сыныктары океанга кулап түштү. Азыр Түндүк Кореянын жетекчилиги ракета учуруу боюнча расмий билдирүү жасашы күтүлүүдө. Буга чейин дүйнөлүк державалар Түндүк Кореяны ракетаны учурбоого чакырган. Токио, Сеул жана Вашингтон бул иш жүзүндө узун аралыкка учуучу ракетаны сыноо болушу мүмкүн деп чочулашкан болчу. Жапон бийлиги учурулган ракета өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурса, анда аны атып түшүрүүгө даяр экендигин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG