Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Нарын: Окуучу сабалды деген окуяны прокуратура териштирип жатат


Нарында прокуратура мектеп окуучусунун сабалышы боюнча айтылып жаткан сөздөр канчалык негиздүү экенин териштире баштады. Ат-Башы районундагы Жолдубай Кайыпов атындагы мектептин директору Сатыбалдиев Эсенбек 11-класстын окуучусун сабап койду деп райондук билим берүү башкармалыгына анын чоң энеси Көчөкова Зуурабүбү 6-апрелде кайрылан. Бирок ооруканага жаткырылган окуучуну көргөнү келген милиционерлерге ал аттан кулап түштү деп көрсөтмө берилген. Акыйкатчынын Нарындагы өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен бул окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Мектеп директору өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кеткени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG