Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Ош шаардык кеңешинде коалиция түзүү аракети ишке ашпай калды


Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары бүгүн алгачкы жыйынына чогулушту. Бирок коалиция түзүү маселесине келгенде депутаттар арасында пикир келишпестик чыкты. КСДП, "Республика", "Ата Мекен" жана "Адилеттүү Кыргызстан" партияларынан шайланган депутаттар сессияны таштап, жыйындар залынан чыгып кетишти. Муну менен алар "Замандаш" партиясынан шайланган кесиптешинин позициясына каршы пикирин билдиришкени айтылууда.

"Замандаш" партиясынын саясый кеңеши буга чейин өзүнүн өкүлү Нурадил Жолдошевди коалицияга кошуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок Жолдошев өзү коалицияга кирбеген "Улуттар биримдиги" партиясын колдоорун айтууда.

Шаардык кенеш депутаттарынын жалпы саны 45. Учурда сессияга 26 гана депутат катышып жатат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG