Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Ноокатта жети адам "Хизб-ут Тахрирден" баш тартканын жарыялады


Оштун Ноокат районунда бүгүн жети адам "Хизб-ут Тахрир" уюмунан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу алар райондун борбордук мечитинде өткөн жума намаздан кийин милиция, атайын кызмат, жергиликтүү бийлик жана динаят өкүлдөрүнүн алдында айтышты. Экстремисттик уюмга адашып кирип алганын, салттуу исламга туура келбеген жолго түшүп алгандарын билдиришти. Алар 2008-жылдан бери "хизбутчу" болуп келаткандары маалым болду. "Хизб-ут Тахрир" Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын катарына кирет. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG