Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Нарын: ВИЧке чалдыккандардын саны 38ге жетти


Нарын облусунда ВИЧ вирусун жуктуруп алып каттоого алынгандардын саны 38ге жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүт Чокморова билдирди. Вирустун айынан СПИД болуп ооругандардын саны алты адам. Катталгандардын көбү вирусту ийне аркылуу жуктуруп алганы, СПИДден экөө каза тапканы айтылууда. Айыккыс дартка кабылгандардын сегизи аялдар.

Жалпы Кыргызстан боюнча ВИЧке чалдыккандардын саны төрт миңге жакын киши. Алардын үч жүздөйү балдар. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG