Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:51

Ат-Башыда форел балыгына кызыккандар көбөйүүдө


Нарындын Ат-Башы районундагы тоолуу Баш-Кайыңды айылында форел балыгын өстүрүүгө болгон кызыгуу күч алганы айтылууда. Айылдын Канат Ашырбаев аттуу тургуну 2010-жылы Ысык-Көлдөн 10 500 форел сатып келип өстүрө баштаган. Учурда балыктын саны 30 миңге жетип калганын Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди. Жакында балыктын дагы башка түрлөрүн алып келип бакмай болууда. Анын айтымында, балыктын жеминин бир килограммы 120 сом. Орусиядан, Финляндиядан алынып келинет. Бир күндө 5 000 сомдун жеми чачылат. Балыктын бир килограммы 400 сомдон сатылууда, бир балык орточо эсеп менен бир килограмм чыгат. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG