Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

ӨКМ: Жыл башынан бери 111 өзгөчө кырдаал катталды


Жыл башынан бери Кыргызстандын аймагында 111 өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча республикалык штабдын отурумунда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, 7 жер титирөө, 7 ири өрт кырсыгы, 4 катуу шамал, 5 топтолгон кар, 9 суу каптоо, 79 кар көчкү катталды.

Быйылкы кышта кар, жаан-чачын орто статистикалык нормадан 2-2,5 эсе ашыкча болду. Бул сел, суу ташкын жана жер көчкүлөрдүн активдешүүсүнө таасирин берээри айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG