Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:09

Абактагы Тимошенкону дарылоого немис дарыгерлер келди


Харьков шаарына келген дарыгерлердин бири Германиядагы «Шарите» клиникасынын жетекчиси Карл Марк Айнхойпл абактагы Тимошенкону дарылоо бир нече айга созулаарын журналисттерге айтты. Учурда дарыгерлер мурдагы премьер-министр жаткырыла турган оорукана менен таанышууда.

Өткөн жумада Тимошенко түрмөдө Freedom House уюмунун өкүлдөрү менен жолуккан. Андан соң Тимошенконун саламаттыгы кооптуу абалда экендиги талкуулана баштаган.

Украинадагы «Кызгылтым» ыңкылаптын активисттеринин бири Юлия Тимошенко 2009-жылы өкмөт башчы кезинде Орусия менен газ келишимин түзгөндө өлкөгө чоң чыгым тарттырган деген негизде 7 жыл эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG