Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Египет: Мубарактын бийлик өкүлдөрү президенттикке талапкер боло албайт


Египет парламенти өткөн жылы бийликтен кулаган Хосни Мубарактын өкмөтүндө иштеген аткаминерлерге президенттик шайлоого катышууга тыюу салды. Мыйзам чыгаруучулар азыркы бийликтин мындай чечим талапкерлердин санын чектеп, Баш мыйзамга туура келбейт деген эскертүүсүнө карабастан кабыл алышты.

Байкоочулардын айтымында, депутаттардын мындай күтүүсүз чечим кабыл алуусуна Мубарактын кезинде Египеттин тыңчылык кызматын жетектеген Омар Сулейман өз талапкерлигин президенттикке коюуга ниети бардыгын билдиргени түркү болду.

Египеттин жаңы мыйзамдары боюнча экс-президент Мубарактын тушунда жогорку кызматтагы ээлеп, мурдагы башкаруучу Улуттук-демократиялык партиянын мүчөсү болгондор мамалекеттик башкаруу системасында иштөө укугунан 10 жылга ажыртылды.

Бул өлкөдө президенттик шайлоо май айында өтөт.

XS
SM
MD
LG