Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

Бүткүл өлкө боюнча ишембилик өтүүдө


Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында ишембиликтер өтүп жатат. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү ишембиликке өлкө боюнча 400 миңге жакын адам катышууда.

Бишкектеги ишембиликке өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү, парламент депутаттары катышууда. Ишембиликтин жүрүшүндө журналисттердин суроосуна жооп берген премьер-министр таштандыны туш келди ыргыткандарга айыптын өлчөмүн көбөйтүү керектигин айтты.

Ишембиликтин алкагында 245 869 көчөт отургузулуп, 150 канал тазаланат. Ошондой эле өлкө боюнча 1550 имарат акталып, 155 километрден ашык тротуар иретке келтирилет.

Ошондой эле бүгүнкү ишембиликтин алкагында Бишкекте жана өлкө аймагында жаштар уюмдарынын уюштуруусу менен «Антицеллофан» аттуу акция өтүп жатат. Анда ыктыярдуу жаштар шаарды желим баштыкчалардан тазалашууда.

Буга чейин премьер-министрдин буйругу менен "Биз бул жерде жашайбыз" аттуу үч айлык жашылдандыруу жана тазалоо кампаниясы жарыяланган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG