13-апрелден баштап Бишкек – Ош унаа жолу толугу менен ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 13-марттагы өкмөттүн токтому күчүн жоготуп, бардык чектөөлөр алынып салынды.
Ошону менен катар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-16-апрель күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшөөрүн жана жолдордун тайгак болоорун эскертип, бул жолдордо айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоого чакырды. (BkA)