Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Ысык-Көлдө "Ыйык көлүбүздүн тазалыгы үчүн" аттуу акция өттү


Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат катчысы Назира Муканбетова билдирди. Акциянын катышуучулары Ысык-Көлдүн жээги тазалап, калктуу конуштарды жашылдандырышууда.

"Ыйык көлүбүздүн тазалыгы үчүн" акциясы 28-апрелде да уланат.

Ошондой эле акциянын жүрүшүндө облустук бийлик тарабынан “Мен тазалык үчүн күрөшөм” деген аталыштагы кароо-сынак уюштурулду. Сынактын жыйынтыгында облустагы үлгүлүү короого балдар аянтчасы курулуп, 3 үлгүлүү үйгө 50 миң сомдон сыйлык тапшырылат. (BkA/MK)

XS
SM
MD
LG