Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Деңиздеги Кытай-Филиппин тиреши токтоду


Түштүк Кытай деңизинде Кытай жана Филиппин ортосундагы тирешүү балык уулоочу кытайлык беш кеме талаштуу жерден чыгып кеткенден кийин токтоду. Кытайлык балыкчылар Филиппин полициясынын кемени текшерүү талабын укпастан талаштуу суулардан чыгып кеткени кабарланды. Түштүк Кытай деңизинин айрым бөлүктөрүнө Бээжин да, Манила да ээ чыгып келет.

10-апрелде Филиппиндин деңиз полициясы бул аймакта уруксатсыз балык уулап жүргөн кытайлык балыкчыларды кармоосуна Кытайдын аскер флоту тоскоолдук кылып койгон. Ошондон кийин Филиппин талаштуу сууларга аскерий кемелерин жөнөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG