Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Отунбаева Кыргызстандын КМШ фондундагы өкүлү болуп дайындалды


Мурдагы президент Роза Отунбаева Кыргызстандын атынан КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча өлкөлөр аралык фондунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча өлкөлөр аралык фонду 2006-жылы уюштурулган. Бул фонд КМШга кирген өлкөлөр ортосундагы гуманитардык, маданий кызматташтыкты күчтөндүрүү максатын көздөйт. Фондго Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Беларус, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. (BkA)

XS
SM
MD
LG