Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстандык артисттер Түркиядагы фестивалга катышат


Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын артисттери Түркиянын Конья шаарындагы фестивалга катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган театрдын директору Марат Алышпаев кабарлады.

Алышпаевдин айтымында, Коньядагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн V фестивалына Кыргыз академиялык драма театрынын артисттери Табылды Актановдун “Жан азык” спектаклин тартуулашат.

Фестивал 14-апрелден 22-апрелге чейин уланат. (BkA)

XS
SM
MD
LG