Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:48

Бүткүл өлкө боюнча ишембиликке 500 миңге жакын адам катышты


Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында ишембилик өттү. Ага өлкө боюнча 500 миңге жакын адам катышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери тарабынан ишембиликке катышкан адамдардын саны эсепке алынып, такталды.

Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында 245 869 көчөт отургузулуп, 150гө жакын канал тазаланды.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги “Жаштык” сейил багын тазалап, 400дөн ашык көчөт отургузса, Жогорку Кеңештин депутаттары “Ата Түрк” сейил багын иретке келтирип, 600гө жакын көчөт тигишти.

Муну менен катар демилгелүү жаштар “Антицеллофан” акциясын уюштурду. Акциянын уюштуруучуларынын бири Наргиза Ажыбаеванын билдиришинче, 500гө жакын жаштар Бишкек шаарын желим баштыкчалардан, бөтөлкөлөрдөн тазалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG