Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Пакистанда кветалык хазарларга кол салынды


Пакистан талиптери ишемби күнү Квета шаарындагы кол салуудан набыт болгон алты хазардын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышты. Бул жөнүндө “Техрик-е-Талибан Пакистан Жандулла” уюмунун командири Ахмад Марваттын өкүлү “Машал” радиосуна билдирди. Хазарлар автомобилде баратканда жанаша келген мотоциклчен автоматтан ок ачканда, машинедеги алты хазар тең набыт болгон. Удаа эле белгисиз согушчан Кветанын башка бөлүгүндө жергиликтүү хазарды жана полициячыны атып кетти. Хазар демократтык партиясынын төрагасы Абуд Халид Хазари жума күнү Белужистан провинциясынын губернатору хазарларга кол салууга карата аеосуз чара көрүлөт деп сөз бергенин билдирди.

XS
SM
MD
LG