Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Ысык-Көлдө үшүк жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 15-16-апрель күндөрү күндүн ысышы жана жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда, тоо боюндагы унаа жолдордо кар көчкү, күрткү түшүшү, муз тоңушу ыктымал. Кооптуу жолдо унаалар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

Ысык-Көлдө эртең айрым жерлерде абанын температурасы -2 градуска чейин түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн.

16-апрелде жаан-чачын болбойт. Тоолуу жерлер жана тоо этектеген жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+18 градус суук.

Бишкекте 16-апрелде жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7... +9, күндүз +23... +25 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG