“Balmoral” жана “"Azamara“ кемелеринин жүргүнчүлөрү жана экипажы Түндүк Атлантиканын 100 жыл мурда “Титаник” кемеси чөккөн жеринде кырсыкта набыт болгондорду эскеришти. Сууга үч гүл чамбар ташталды жана кеменин суу астына чөккөнүн белгилеп, гудок берилди.
“Азамаранын” саякаттар боюнча директору Тони Маркей караңгы кирип бараткан кезде болгон салтанатта сүйлөп: "Биз бул жерге 100 жыл мурда ушу кечте Атлантиканын муздак суусу өмүрүн алган 1503 эркек-аялдын, балдардын арбагын эскергени чогулдук”, - деди.
“Титаниктин” 150 жүргүнчүсү көмүлгөн Канаданын Галифакс шаарында кеме чөккөн учурда чиркөөлөр коңгуроолорун кагып, маркумдарды эскерди.
Кеме курулган Ирландиянын Бельфаст шаарында бүгүн мемориалдык бак ачылат.
“Титаник” Англиядан Нью-Йоркко баратып 14-апрелден 15-апрелге караган түнү кырсыкка кабылганда дүйнөдө андан чоң жана андан адеми кеме жок болгон. Кемедеги 2208 адамдын 1503ү набыт болгон.