Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Түркмөнстанда министр баласы үчүн кызматтан айдалды


Энергетика жана өнөр жай министри Ярмухаммет Оразкулиев уулу башка даражалуу чиновниктердин балдары менен чогуу жол кырсыгына себепчи болгону үчүн кызматтан бошотулду. Президент Гурбангулы Бердимухаммедов сыналгыдан көрсөтүлгөн өкмөт жыйынында “кээ бир аткаминерлер балдарын тарбиялаганга жетерлик көңүл бурушпаганын” айтты. Оразкулиев “үй-бүлөсүнө жакшы таалим-тарбия бербегени жана "Коргоочунун" көрсөтмөсүн аткарбаганы үчүн” Бердимухаммедовдон кечирим сурады.

Бердимухаммедовдун ырасмий лакаб аты “Аркадаг” же “Коргоочу”.

XS
SM
MD
LG