Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Ирандын ядролук программасы Багдадда талкууланат


Стамбулда Ирандын ядролук программасы боюнча эки жактуу сүйлөшүү аяктады. Кездешүүгө Улуттар Уюмунун вето укугуна ээ беш мүчөсү плюс Германия жана Ирандын өкүлдөрү катышты. Эки тарап жолугушуу пайдалуу болгонун, эмки жыйын майда Багдадда өтөрүн билдирди.

“Бул кездешүүдө биз оң натыйжага жетишип, ирандын ядролук проблемасы боюнча туруктуу диалогду баштадык. Сүйлөшүүнүн келерки айлампасында бардык тараптарга тийиштүү суроолор боюнча маанилүү жана кеңири диалог болуп, натыйжада мунасага жетишебиз деп ойлойм,” - деп билдирди Кытайдын тышкы иштер министри Ма Чжасюй.

Иран ядролук бомбанын үстүнөн иштөөдө деген кооптонуудан улам Тегеран ядролук программасы жөнүндө кеңири маалымат берүүсү үчүн Улуттар Уюму, АКШ жана Евробиримдик Иранга каршы санкция киргизген. Тегеран ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөгөнүн айтып жүрөт.

XS
SM
MD
LG