Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Ооганстанда талиптер бир нече жерде чабуул жасашты


Согушкерлер кечээ Ооганстандын баш калаасында жана дагы бир нече жерде чабуулга өтүштү. Кабулдагы жарым жылдан берки эң ири кол салууда чет элдик элчиликтер, НАТОнун штаб-квартирасы жана ооган парламенти бутага алынды. Кабулдагы коопсуздук кызматтары билдиргендей, өкмөттүк аскерлер менен козголоңчулардын атышуулары бир нече саатка созулду.

Коопсуздук командачылыгынын билдирүүсүндө айтылгандай, Ширпоор жана Дарыламан шаарларында салгылаштар уланууда, бирок Пактиакотто атышуу токтоду. Талиптер кол салууларды «жазгы жортуулдун» башталышы деп мүнөздөштү. Эки коопсуздук кызматкери жана 17 согушкер окко учту. Ооганстанда турган эл аралык күчтөрдүн маалымат катчысы генерал Карстен Жэкобсон бул чабуулдар талиптердин күчүн көрсөтүү максатын көздөп жаткандыгын мындайча белгиледи:

Кабулда бул атышуулар сентябрдагы чабуулдарга окшоп кетти. Анда козголоңчулар шаардын борборундагы мейманкананы басып алып, ал жактан ракета аткычтар менен туш келди аткылашкан. Анда да кол салгандар согуштук ийгиликти эмес, элдин көзүнө көрүнүүнү көздөшкөн.

XS
SM
MD
LG