Бүгүн парламент комитеттеринин биргелешкен жыйынында апрел-июн окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууланат. Анда биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев жана баш прокурор Аида Салянова маалымат берээрин парламенттин маалымат кызматы билдирүүдө. Мындан сырткары жыйынга Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева, президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана башкалар чакырылган.
Парламенттин токтомунда 2010-жылдагы кандуу окуяларга саясий баа берүү, коогалаңга жол берген жетекчилер менен ага күнөөлүү адамдарды аныктоо тапшырмасы тиешелүү органдарга берилген болчу. Жогорку Кеңештин 35 пункттан турган токтому толук аткарылбай жатканы боюнча сын пикирлер айтылып келет.
2010-жылы апрелде миңдеген кишилер мурдагы президент Бакиевдин режимине каршы чыгып, 90го жакын киши окко учуп, жүздөгөн кишилер жараат алган. Ушул эле жылдын июн айында Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык кагылышууда төрт жүздөн ашуун киши мерт болгон. Миңден ашууну ар кандай жаракат алышкан. Бул кайгылуу окуяларды бир нече комиссия иликтеп, анын ичинде улуттук, парламенттик жана эл аралык комиссиялардын тыянагы көптөгөн талкуу жараткан. (КЕ)