Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Бала укугун коргоо боюнча мыйзам талашка түштү


Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун парламентте талкууланып жаткан мыйзам долбооруна байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевге кайрылат. Бул тууралуу акыйкатчы бүгүн билдирүү таратты. Ал депутат Ширин Айтматованын демилгеси боюнча жазылган мыйзам долбоору мыйзамсыз деп эсептейт.

Акыйкатчынын орун басарларынын бирине балдардын укугун коргоо милдетин кошумча жүктөө тууралуу мыйзам долбоору парламентте 12-апрелде үч окууда өттү.

Турсунбек Акун анын эки орун басары бар экенин, бири Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына, экинчиси Бишкектеги кеңседе акыйкатчы аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн ишине жооп берээрин айтты. Депутаттар талкуулап жаткан мыйзам долбоору анын ишине кийлигишиүү катары бааланаарын, эми аялдарын укугун өзүнчө, жаштардын, жана башкалардын укугун өзүнчө коргоо талаптары коюлушу мүмкүндүгүн белгиледи. Орун басарларынын кимиси кайсы багытта иштеши керектигин акыйкатчы өзү чечээрин кошумчалады.

Демилгечилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору "балдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында" иштелип чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG