Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Ош: Баласын өлтүрдү делген орусиялык аял камакка алынды


Ошто төрт жашар баласын мууздап өлтүрдү деген шек менен кармалган орусиялык аял камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ошол эле аялдын эки жаштагы кызы азыр ооруканада. Анын да моюну кесилгени айтылууда. Милициянын сурагына жооп бергенде ал аял психотроп дары ичип жаткандыктан ошонун таасиринен мындай кылмышка барганын моюнуна алганы кабарланууда. Суракка кыргыз тараптын тартип коргоо кызматкерлеринен тышкары аялдын адвокаттары жана Орусиянын Чек ара кызматынын өкүлдөрү да катышты.

Окуя боюнча соттук-психиатриялык экспертиза өткөрүлөт. Кылмышка шектүү аял Москвада туулганы, Орусиянын жараны экени аныкталды. Ал үй-бүлөсү менен Оштун Курманжан Датка көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашап жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG