Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Ослодо 77 кишини өлтүргөн адамдын соту башталды


Ослодо былтыр жайында 77 кишинин өмүрүн кыйган ашынган оңчул Андерс Беринг Брейвиктин соту башталды. Бүгүнкү процессте ал адам өлтүргөнүн моюнга алганы менен, өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты.

33 жаштагы Брейвик терроризм жана массалык адам өлтүрүү үчүн айыпталууда. Ашынган оңчулдардын идеяларына сугарылган Брейвик адегенде борбор шаарда бомба жардырып, 8 киши набыт кеткен. Ошол эле күнү кечинде Утойя аралчасындагы жаштардын жайкы лагеринде 69 кишини атып салган. Ал Норвегиянын либералдуу иммиграциялык саясатын өзгөртүп, өлкөнүн мусулмандардын колуна өтүп кетишин алдын алуу зарыл деген оюн айтып келген. Бүгүнкү процесстин башында ал соттун юрисдикциясын тааныбасын айтты.

XS
SM
MD
LG