Кечээ Ошто өзүн өрттөп жиберген Каныбек Сейитбековду акыркы сапарга узатуу боюнча чыгымдарды Алай районунун акимчилиги көтөрмөй болду. Бул тууралуу аким Таалайбек Сарбашев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, маркумдун жубайынын кан басымы жогорулап, жүрөгү оорулуу болгодуктан, дарыгерлер карап турушат. Сейитбековдун сөөгү эртең өзү туулган Курманжан Датка айылында жерге берилет. Ал өзү адабиятка жакын киши болгону айтылууда. Төрт баласы бар.
15-апрелде кечки саат алтыга жакын Ош шаарынын борбордук аянтында бир адам өзүн өзү өрттөгөн. Кийин ал Каныбек Сейитбеков экени аныкталган. Ооруканага жеткирилгени менен денесинен дээрлик 100 пайыз күйүк алгандыктан эсине келе албай каза тапкан.
Милициянын айтымында, өлөөр алдында Сейитбеков кат жазып кеткен. Дептерге жазган катында ал митингдерден жадаганын, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов жана Адахан Мадумаровго ишеним артаарын билдирген. (SE/RK)