Апрел окуясы боюнча соттолуучу Мурат Суталинов Улуттук онкология борборуна текшерилүүгө жатты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Суталиновдун адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев маалымдады. Анын айтымында, быйыл февралда Суталиновдун оң жак бөйрөгүндө шишик бар экени аныкталган. Соңку күндөрү ден соолугу начарлай баштагандыктан шишиктин мүнөзүн аныкташ үчүн аны Онкология борборуна жаткырып текшермей болушууда.
Ташбалтаевдин билдиргенине караганда, Суталиновдун баш коргоо чарасы өзгөргөн жок. Аны мурдагыдай эле кайтарып жатышат. Эгер шишигин алыш керек болсо операция жасалат. Эгер операциянын кереги жок дешсе, кайра тергөө абагына барат.
2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте митингге чыккан токсонго жакын адамдын өлтүрүлүшү боюнча соттолуп жаткан 28 адамдын арасында Суталинов да бар. Ал өзү бул айыптоого таптакыр макул эмес экенин билдирген.
Ага былтыр декабрда кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген айып да тагылган. Ал боюнча Суталинов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. (RK)