Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:00

Гималай тоолорунда мөңгүлөр чоңоюп жатат


Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, Гималай тоолорундагы Каракорум кыркаларындагы мөңгүлөр эрибей эле, тескерисинче чоңоюп жатат. "Нэйчер геосайенс" журналында жарык көргөн макалада Франциянын Гренобл университетинин илимпоздору Каракорумдагы мөңгүлөр 1999-2008-жылдар аралыгында жылына орточо 11-22 сантиметрге өскөнүн жазышат.

Изилдөөчү Жюли Гарделлдин айтымында, Каракорумдагы абал башка жерлерден айырмаланашы мүмкүн. Себеби жалпы тенденцияга ылайык, дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында мөңгүлөр эрип жатат. Бирок бул факт жердин глобалдуу ысышына байланышкан прооблеманы жокко чыгарбайт, - дешет окумуштуулар. Каракорум тоо кыркасы Кытай, Индия жана Пакистанды бойлой орун алган.

XS
SM
MD
LG