Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

Дүйнөлүк банктын жаңы төрагасы бүгүн шайланат


Дүйнөлүк банктын директорлор кеңеши банктын жаңы төрагасын бүгүн шайлашат. Алар АКШнын өкүлү, теги кореялык Жим Йонг Ким жана Нигериянын финансы министри Нгози Оконйо-Ивеала ортосунда тандашмакчы. Адатта Дүйнөлүк банктын төрагалыгына америкалык адам шайланат. Оконйо-Ивеала АКШнын үстөмдүгүн сындап, төраганы тандоодо талапкерлердин адистик сапаттарына эмес, саясатка артыкчылык берилет деди.

2007-жылы шайланган төрага Роберт Зөлликтин кызмат мөөнөтү соңуна чыгууда. Акыркы жылдары бул ири эл аралык финансылык институттун жетекчиси ачык сынакта тандалсын деген кысым күчөөдө.

XS
SM
MD
LG