Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Ооганстан: соңку чабуулдарды пакистандык топ уюштурганы болжолдонууда


АКШнын Коргонуу катчысы Леон Панеттанын айтымында, жекшембидеги Кабулдагы жана Ооганстандын дагы башка бир нече шаарындагы чабуулдардын артында талиптер менен алакалаш пакистандык Хаккани тармагынын согушкерлери турат:

- Чалгын маалыматына караганда, чабуулдардын артында Хакканилер турат, мындай чабуулдарды Хакканилер уюштуруп жатканы тууралуу бизде көп түрдүү маалымат бар.

Бирок Пентагондогу брифингде сүйлөгөн сөзүндө Панетта чабуулду уюштургандар тактикалык жеңишке жетишкен жок деп ырастады. Ал эми АКШнын башкы штабынын жетекчиси генерал Мартин Демпси бул чабуулдарды алдын алуу үчүн чалгын маалыматтары өтө үстүрт болгондугун кошумчалады. Ооган өкмөтүнүн маалыматына ылайык, жекшембидеги чабуулдарда 11 ооган аскери, төрт карапайым киши жана 36 согушкер набыт болду.

XS
SM
MD
LG