Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

АКШ Беларуста саясий айыпкерлердин бошотулушуна жогору баа берди


АКШнын өкмөтү Беларустун мурдагы президенттик талапкерди жана анын шайлоо мэнеджерин бошотуу чечимин “манилүү кадам” деп мүнөздөдү. Ошол эле убакта Минск өкмөтүн калган бардык саясий айыпкерлерди дароо бошотууга чакырды. Андрей Санникау менен Смитсер Бандаренка президент Лукашенканын 2010-жылдын декабрында кайра шайланышына каршы демократиялык нааразылык акцияларына байланыштуу көп жылдарга эркинен ажыратылгандыгына карабастан, абактан бошотулду.

АКШнын Мамдепартаменти жарыялаган билдирүүдө “АКШ-Беларус алакасынын оңолушунда демократияга жана адам укуктарына болгон сый-урматтын бекемделиши чечүүчү мааниге ээ экендиги айтылды. Беларус активисттеринин маалыматында, өлкөдө дагы 10 саясий айыпкер, анын ичинде дагы бир мурдагы президенттик талапкер Микола Статкевич абакта кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG