Адам укуктары боюнча европалык сот Экинчи Дүйнөлүк согуштун мезгилинде полшалык офицерлердин кырылышын Орусия тыкыр териштиргендигин аныктоо үчүн жетиштүү материалды ала албагандыгын бышыктады. Полшанын 15 жараны советтик жашыруун полиция болгон НКВД тарабынан 1940-жылы 22 миң чакты полшалык офицерлерди жана интеллигенция өкүлдөрүн Беларустагы Хатын токоюнда атып өлтүрүлүшүн Орусия жакшылап иликтебей койду деп даттанышкан. Страссбургда жайгашкан сот бул арыз боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн зарыл болгон эң маанилүү документтерди Орусиядан албагандыгын билдирди. Соттор ошондой эле Хатында эмне болгонун билгиси келген курмандыктардын урук-туугандарына карата Орусиянын мамилеси “адамгерчиликке жатпаган” таризде болгон деп тапты.