Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Жусуп Мамай 95ке чыкты


Кытайлык манасчынын мааракеси анын мекенинде кыргызстандык делегациянын катышуусу менен белгиленди. Өткөн жекшембиде Кызыл-Суу кыргыз аптоном областындагы Ак-чий ооданында иш-чара манасчы туулган Кара-Булак айылынан башталып, Кыргызстанда жарык көргөн Жусуп Мамай вариантындагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», «Кененым», «Ажыбек баатыр» сыяктуу эпостордун жана бишкектик жазмакер Чолпон Субагожоеванын Жусуп Мамай тууралуу китебинин бет ачар аземи болду.

Аземге Кыргызстандын Үрүмчүдөгү баш консулу Азат Эркебаев, кытайлык кыргыз окумуштуулар жана Кара-Булак айылынын тургундары да катышты. 14-апрелдеги салтанат кийин Ак-Чий оодан борборунда уланып, Кыргызстан өкүлдөрү президент Алмазбек Атамбаевдин катын жана Кыргызыстан эли атынан манасчыга, ат-тон, Куран китеп, ошондой эле Кыргызстандын карагай көчөттөрүн тартуулашты. Алтайлык кыргыздар Манастын киндик каны тамган алтай жеринен ала келген таш, кыдыр дарагы, арча уругун белекке сунушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" кытайлык журналист Бектур Илияс билдирди.

XS
SM
MD
LG